“Айчүрөк” соода борборунун жанындагы фонтан калыбына келтирилүүдө

Коом 21 Август 2026 15:55
copyright icon Кабар

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 21.08.26 /Кабар/. “Айчүрөк” соода борборунун жанындагы фонтан калыбына келтирилүүдө.

Учурда мурдагы фонтандын жанында орнотулган аттар кайра коюлган. Буга чейин аргымактардын түсү кара-күрөң болсо, мында алар алтын түскө боёлуп, жаңыртылганын көрүүгө болот.

Эске салсак, былтыр соода борборунун айланасында курулуш иштери башталганда жарандар фонтанды кайра ордуна коюу тууралуу пикирлерин билдиришкен.

WhatsApp Image 2026-08-21 at 12.57.12 (1).jpeg

Өз кезегинде Бишкек шаарынын мэриясы ишкерлерге аймакты көрктөндүрүү жана фонтан аймагын реконструкциялоо иштерин жүргүзүү тапшырмасын койгон.