Бишкек, 03.10.25. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев 28-сентябрдан 1-октябрга чейин Кореянын Сеул шаарынын өкмөтү Дүйнөлүк акылдуу жана туруктуу шаарлар уюму (WeGO) жана Сеул санариптик фонду менен биргеликте уюштурган эл аралык иш-чараларга катышты.
Муниципалитеттен билдиришкендей, метрополис уюмунун 40 жылдыгына карата уюштурулган форумга ири шаарлардын мэрлери, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, эксперттик коомчулук, бизнес өкүлдөрү катышты. Талкуунун негизги темалары шаарды өнүктүрүү, жашыл жана туруктуу өсүү, санариптештирүү, шаарды башкарууга инновацияларды киргизүү болду.
Пленардык жыйындарда Бишкек шаарынын мэри сөз сүйлөп, Кыргызстандын борбор шаары туруктуу өнүгүү принциптерине бекем экенин жана дүйнөлүк мегаполистер менен тажрыйба алмашууга даяр экенин белгиледи. Башкы артыкчылыктар катары экология, санариптик инновациялар, шаардык инфраструктураны өнүктүрүү жана тургундардын жашоо сапатын жакшыртуу айтылды.