Айбек Жунушалиев Ленин районундагы объекттердин курулуш иштерин текшерди

Коом 16 сентябрь 2025 09:45
1757938413.jpg
1757938444.jpg
1757938453.jpg
1757938449.jpg
1757938418.jpg
1757938410.jpg
1757938402.jpg
1757938398.jpg
1757938395.jpg
1757938391.jpg
1757938382.jpg
1757938377 (1).jpg
1757938377.jpg
1757938374.jpg
1757938370.jpg
1757938361.jpg
1757938358.jpg
1757938354.jpg
1757938350.jpg
1757938339.jpg
1757938336.jpg
1757938333.jpg
1757938329.jpg
Алдыга
Артка
1757938413.jpg
1757938444.jpg
1757938453.jpg
1757938449.jpg
1757938418.jpg
1757938410.jpg
1757938402.jpg
1757938398.jpg
1757938395.jpg
1757938391.jpg
1757938382.jpg
1757938377 (1).jpg
1757938377.jpg
1757938374.jpg
1757938370.jpg
1757938361.jpg
1757938358.jpg
1757938354.jpg
1757938350.jpg
1757938339.jpg
1757938336.jpg
1757938333.jpg
1757938329.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 15.09.25. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Ленин районун кыдырып, маанилүү инфраструктуралык объектилердин даярдыгын жана жүрүп жаткан иштердин абалын жеринде көрүп чыкты. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, шаар башчысы Интергельпо көчөсүнүн Димитров көчөсүнөн “Континент” соода борборуна чейинки бөлүгүндөгү капиталдык оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул иштер “Бишкекасфальтсервис” ишканасы тарабынан мурда башталган долбоорлорду жыйынтыктоо алкагында аткарылууда. Бул тилкеде акыркы капиталдык оңдоо 30 жылдан ашык убакыт мурун жүргүзүлгөн.

Андан соң мэр М.В. Фрунзе атындагы темир заводуна барып, ишкерлер менен жолугушту. Текшерүү учурунда ишкананын аймагына асфальт төшөө, дөңгөлөк жуугуч аппарат орнотуу жана салмак-габариттик көзөмөл жабдууларын коюу боюнча сунуштар берилди.

Ошондой эле Мурман менен Абакан көчөлөрүнүн ортосунда жайгашкан сейил бактагы иштер текшерилди. Жалпы аянты 2,48 гектарды түзгөн аймакта жер иштери аяктап, бордюрлар коюлган. Сейил бактын аймагында балдар аянтчасы, воркаут-зона, чуркоо жолу курулуп, көчө чырактары, отургучтар, шахмат столу жана таштанды челектери орнотулду.

Мындан тышкары, аймакка 150 түп дарак — липа, платан, ясень жана мажүрүм тал отургузулуп, жашылдандыруу иштери жүргүзүлдү. Жашыл көчөттөрдү сугаруу үчүн автосугат системасы орнотулуп, жалпы узундугу 598 метр болгон ПВХ түтүктөр тартылды жана 414 дренаждык лоток коюлду. Мэр Айбек Жунушалиев “Бишкекжашылкурулуш” ишканасы менен биргеликте дарактарга тамчылатып сугаруу үчүн атайын баштыктар менен кошумча жабдуу орнотууну тапшырды.

Мындан тышкары, мэр Алыкулов жана Жайыл баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде курулуп жаткан Нүзүп Эсенбай уулунун 230 жылдыгына арналган эстеликтин курулушунун жүрүшүн көзөмөлдөдү. Учурда эстеликтин постаменти орнотулуп, мрамор менен каптоо иштери жана айланасын көрктөндүрүү, декоративдик өсүмдүктөрдү отургузууга даярдык жүрүүдө. Эстелик “Нүзүп Миңбашы” фондунун каражаттарынын эсебинен курулууда. Шаар башчысы бардык иштердин сапатына өзгөчө көңүл буруп, долбоорду кыска мөөнөттө бүтүрүүнү тапшырды.