Бишкек, 10.04.25. /Кабар/. Кечээ Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев №1 ДЕПОнун курулуш иштери менен таанышты.
Мэриядан билдиришкендей, учурда эки троллейбустук автобазада электробустарды кабыл алуу үчүн инфраструктураны даярдоого багытталган реконструкциялоо иштери жүрүп жатат. Аймактар унаа токтотуучу жайга ылайыкташтырылып, электр кубаттоочу түзүлүштөр орнотулууда.
Борбор калаа башчысы подрядчынын алдына эки автобазадагы бардык курулуш иштерин 2025-жылдын 25-майына чейин, белгиленген келишимдик мөөнөттөрдү так сактоо менен бүтүрүп, электробустар келүүчү участокторду даярдоо милдетин койду.
Кыдыруунун жыйынтыгында шаар мэри Айбек Жунушалиев курулуш иштеринин сапатын жана өз убагында бүткөрүлүшүн көзөмөлгө алууну тапшырды.
"Подрядчы ишти белгиленген мөөнөттө бүтүрбөсө, ал КР колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат",-деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган долбоор боюнча борбор калаага 120 электробус келет.