Айбек Жунушалиев борбор калаадагы объектилерди оңдоо иштеринин жүрүшүн текшерди

Коом 25 сентябрь 2025 10:30
1758713553.jpg
1758713549.jpg
1758713545.jpg
1758713538.jpg
1758713527.jpg
1758713522.jpg
1758713514.jpg
1758713499.jpg
1758713495.jpg
1758713490.jpg
1758713486.jpg
1758713477.jpg
1758713473.jpg
1758713464.jpg
1758713460.jpg
1758713438.jpg
1758713435.jpg
1758713431.jpg
Алдыга
Артка
1758713553.jpg
1758713549.jpg
1758713545.jpg
1758713538.jpg
1758713527.jpg
1758713522.jpg
1758713514.jpg
1758713499.jpg
1758713495.jpg
1758713490.jpg
1758713486.jpg
1758713477.jpg
1758713473.jpg
1758713464.jpg
1758713460.jpg
1758713438.jpg
1758713435.jpg
1758713431.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 25.09.25. /Кабар/. Айбек Жунушалиев борбор калаадагы объектилерди оңдоо иштеринин жүрүшүн текшерди.

Мэриядан билдиришкендей, шаар башчысы Фучик көчөсүнөн Алыкулов көчөсүнө чейинки (түндүк тарабы) бөлүгүндө оңдоп-түзөө иштери жүрүп жаткан Дэн Сяопин проспектисине барды.

Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментине жумушчулардын санын көбөйтүү жана белгиленген мөөнөттө аткаруу милдеттендирилди.

Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгына проспектте жайгашкан объекттерге эскертүү берүү тапшырылды. Өз кезегинде Бишкек шаардык шаар куруу жана архитектура башкармалыгына Ден Сяопин проспектисинин Патрис Лумумба көчөсүнөн Алыкулов көчөсүнө чейинки бөлүгүн көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча долбоорду карап чыгуу керектиги айтылды.

Калаа башчысы ошондой эле Д. Өмүрзаков атындагы стадионду текшерип, анда трибуналардын сапатына жана ыңгайлуулугуна, көрктөндүрүү жана башка тармактарга көңүл буруп, ишти тездетүүнү тапшырды.

Мындан сырткары, Чыгыш-5 кичи районундагы Армейская көчөсү, 10/3 дарегинде оңдоо иштери жүрүп жаткан бала бакчадагы материалдардын сапатын жана коопсуздугун, ошондой эле имараттын эстетикалык жасалгаланышын белгиледи.

Свердлов районунун акиминин маалыматы боюнча, электрондук кезек ачылып, бүгүнкү күнгө карата 150 бала катталды. Долбоордун кубаттуулугу 560 балага, 14 топко ылайыкталган.