Айбек Жунушалиев Бишкектеги мектептердин жана жолдордун курулушун текшерди

Коом 111 20 Август 2026 17:05
1787213793 (1).jpg
1787214111.jpg
1787214103.jpg
1787214098.jpg
1787214093.jpg
1787214081.jpg
1787214066.jpg
1787214063.jpg
1787214057.jpg
1787214046.jpg
1787214038.jpg
1787214027.jpg
1787214016.jpg
1787214007.jpg
1787214001.jpg
1787213997.jpg
1787213986.jpg
1787213975.jpg
1787213965.jpg
1787213960.jpg
1787213944.jpg
1787213939.jpg
1787213933.jpg
1787213922.jpg
1787213887.jpg
1787213883.jpg
1787213879.jpg
1787213876.jpg
1787213866.jpg
1787213863.jpg
1787213857.jpg
1787213848.jpg
1787213834.jpg
1787213830.jpg
1787213826.jpg
1787213822.jpg
1787213812.jpg
1787213808.jpg
1787213802.jpg
1787213793.jpg
Алдыга
Артка
1787213793 (1).jpg
1787214111.jpg
1787214103.jpg
1787214098.jpg
1787214093.jpg
1787214081.jpg
1787214066.jpg
1787214063.jpg
1787214057.jpg
1787214046.jpg
1787214038.jpg
1787214027.jpg
1787214016.jpg
1787214007.jpg
1787214001.jpg
1787213997.jpg
1787213986.jpg
1787213975.jpg
1787213965.jpg
1787213960.jpg
1787213944.jpg
1787213939.jpg
1787213933.jpg
1787213922.jpg
1787213887.jpg
1787213883.jpg
1787213879.jpg
1787213876.jpg
1787213866.jpg
1787213863.jpg
1787213857.jpg
1787213848.jpg
1787213834.jpg
1787213830.jpg
1787213826.jpg
1787213822.jpg
1787213812.jpg
1787213808.jpg
1787213802.jpg
1787213793.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 20.08.26. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев борбор калаадагы социалдык жана жол инфраструктурасынын объектилериндеги оңдоо жана курулуш иштеринин жүрүшүн текшерди.

Муниципалитеттен билдиришкендей, көчмө жыйындын  жүрүшүндө мэр Айни көчөсү, 13 дарегинде жайгашкан №69 орто мектептин капиталдык оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшү менен таанышты. Объектте демонтаждоо иштери аяктап, учурда шыбак иштерине, имараттын фасадын оңдоого жана электр менен камсыздоо системасын монтаждоого көңүл бурулууда. Долбоор ошондой эле аймакты көрктөндүрүүнү жана спорт аянтчасын курууну камтыйт.

Ошондой эле борбор калаанын жетекчиси №56 орто мектептин капиталдык оңдоо иштеринин жүрүшүн көрүп чыкты. Учурда имараттын ички жасалгалоо иштери, фасадын оңдоо жана жаңылоо, ошондой эле мектепке караштуу аймакты көрктөндүрүү иштери уланууда.

Мындан тышкары, Иманалиев көчөсүн реконструкциялоо иштеринин жүрүшү текшерилди. Учурда суу түтүктөрүнүн тармактарын куруу иштери улантылууда. Инженердик иштер аяктагандан кийин жаңы жол тилкесин жана жөө адамдар өтүүчү тротуарды куруу пландалууда.

Жал айылында мэр көп функционалдуу спорттук-ден соолукту чыңдоо комплексинин курулушу менен таанышты. Комплекстин аймагында административдик блок, футболчулар жана машыктыруучулар үчүн жатаканалар, бала бакча, бассейн, ошондой эле машыгууларды жана спорттук иш-чараларды өткөрүүгө арналган жети футбол талаасы жайгашат.

Көчмө жыйындын жыйынтыгында мэр Айбек Жунушалиев жооптуу кызматтарга иштердин темпин күчөтүүнү, алардын сапатын камсыз кылууну жана белгиленген мөөнөттөрдү так сактоону тапшырды. Ошондой эле аймактарды көрктөндүрүүгө жана жашылдандырууга өзгөчө көңүл буруу тапшырылды.