ЖКККББ өкүлү түштүк облустардагы жол кыймылы коопсуздугун текшерди

Коом 20 июнь 2025 08:55
IMG_1301.jpeg
IMG_1300.jpeg
IMG_1298.jpeg
IMG_1297.jpeg
IMG_1296.jpeg
IMG_1295.jpeg
IMG_1294.jpeg
IMG_1293.jpeg
IMG_1292.jpeg
IMG_1291.jpeg
IMG_1290.jpeg
IMG_1289.jpeg
IMG_1288.jpeg
IMG_1287.jpeg
IMG_1286.jpeg
Алдыга
Артка
IMG_1301.jpeg
IMG_1300.jpeg
IMG_1298.jpeg
IMG_1297.jpeg
IMG_1296.jpeg
IMG_1295.jpeg
IMG_1294.jpeg
IMG_1293.jpeg
IMG_1292.jpeg
IMG_1291.jpeg
IMG_1290.jpeg
IMG_1289.jpeg
IMG_1288.jpeg
IMG_1287.jpeg
IMG_1286.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon ЖКККББ

Бишкек, 20.06.25. /Кабар/. ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Айбек Жумагулов Талас, Жалал-Абад, Ош шаарлары жана Ош, Баткен облустарына болгон иш сапарынын алкагында жер-жерлердеги кызматкерлердин иштөө тартиби, күзөт ордулары, кызматтык күч каражаттары менен жеринен таанышты.

Ведомстводон белгилешкендей, айрыкча Бишкек-Ош унаа жолундагы Чычкан көзөмөл өткөрмө жайынын абалы, кызматкерлердин ишмердүүлүгүн камтыган ченемдик-укуктук актылары, “Автоураган” аппараттык программалык комплекстеринин иштөө тартиби жана жыйынтыктары каралып, аныкталган кемчиликтердиги жоюуга тапшырма берилди.

"Ошондой эле кызматкерлер менен жолугушууда өлкө башчынын жарлыгына ылайык, жарандарды кабыл алуу, тейлөө, кызмат көрсөтүү багыттарынын баары санариптештирүү менен ишке ашыруу тапшырмалары коюлду",-деп айтылат маалыматта.