Айбек Теңизбай: Садыр Жапаров маекте курч суроолордон качкан жок

Пикир 107 17 Август 2026 18:20
Snimok_ekrana_2026-_h0YMcWc_8KKOWOs.2e16d0ba.f.width-800.png
copyright icon WWW

Бишкек, 17.08.26. /Кабар/. Жарандык активист Айбек Теңизбай "Кабар" агенттигине президент Садыр Жапаровдун акыркы маеги тууралуу пикирин билдирди.

Анын айтымында, маекте коомдо талкууланып жаткан актуалдуу маселелер кеңири козголгон.

"Президент Садыр Жапаровдун акыркы маеги жеке мага абдан жакты. Коомдо көтөрүлүп жаткан актуалдуу темаларга токтолуптур. Али Токтакунов дагы суроолорун ачык, таамай бергенин байкадым. Ошол эле учурда президент дагы темадан качпай, кооптонбой, ачык-айкын жооп бериптир. Мына ошонусу менен бул маек мага абдан жакты", - деди ал.
WhatsApp Image 2026-08-17 at 15.14.27.jpeg

Активист Камчыбек Ташиевдин кызматтан алынышы жана анын келечекте президенттик шайлоого катышуу мүмкүнчүлүгү тууралуу да пикирин билдирди.

"Камчыбек Ташиев боюнча айтсам, ал беш жыл ичинде жакшы иштерди да жасады. Аны президент өзү дагы белгилеп кетти. Анын кызматы дайындала турган кызмат болгондуктан, эл тарабынан шайланбайт. Ошол себептен кызматтан алабы же албайбы аны президент өзү чечет", – деди активист.

Анын пикиринде, эгер Камчыбек Ташиев келечекте президенттик кызматка талапкерлигин коюуну чечсе, Конституцияда белгиленген талаптарга жооп берген учурда шайлоого катышууга укуктуу.

"Эгерде Ташиев качандыр бир кезде президенттикке аттана турган каалоосу, амбициясы болсо күчүн сынап көрүшү керек деп ойлойм. Кыргызстандын Конституциясы ар бир жаранга белгилүү бир шарттарды эске алганда, мындай укукту берет. Эң башкы талаптарынын бири – 35 жаштан жогору болушу керек. Буга жооп берсе, анда катышууга укуктуу", – деп белгиледи активист.

Ошол эле учурда Айбек Теңизбай Ташиевди президенттик кызматка татыктуу талапкер деп эсептебей турганын айтты.