Айбек Молдогазиев АКШ Конгрессинде жолугушууларды өткөрдү

Саясат Загрузка... 17 Июль 2025 09:45
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 17.07.25. /Кабар/. Кыргызстандын элчиси Айбек Молдогазиев АКШ Конгрессинде, атап айтканда, республикачыл конгрессмен Роберт Адерхольт жана Сенаттын Эл аралык байланыштар боюнча комитетинин аппарат жетекчиси Крис Соча менен жолугушууларды өткөрдү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты, анын ичинде парламенттер аралык кызматташууну мындан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Элчи Молдогазиев өлкө жетекчилиги тарабынан элдин жашоо деңгээлин жогорулатууга, соода-экономикалык блокту бекемдөөгө, аймактык интеграцияга жана коопсуздукка багытталган иштер тууралуу маалымат берди. Эки тараптуу кызматташтыктын тиешелүү багыттары боюнча АКШ Конгресси менен өз ара аракеттенүүнү уюштуруу сунушталды.

Өз кезегинде конгрессмен Роберт Адерхольт парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө көмөктөшүүгө даяр экенин билдирди. Крис Соча ошондой эле парламенттер аралык байланыштарды түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Мындан тышкары, тараптар аймактык жана эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алышты.

Сүйлөшүүнүн соңунда тараптар мындан аркы өз ара аракеттенүүнү улантуу жана байланыштарды чыңдоо боюнча макулдашты.