Бишкек, 08.09.25. /Кабар/. Ай тутулуу – бул Жер Күн менен Айдын ортосунда туруп калганда, Күндүн нуру Айга түз тийбей калган астрономиялык көрүнүш. Ошондо Жердин көлөкөсү Айга түшүп, ал убактылуу караңгылашып же кызгылт-кызыл түскө боёлуп калат.
Ай тутулуунун түрлөрү;
- Толук ай тутулуу – Ай толугу менен Жердин көлөкөсүнө кирген учур. Бул эң таасирдүү көрүнүш.
- Жарым-жартылай ай тутулуу – Айдын бир бөлүгү гана көлөкөгө кирет.
- Жалган ай тутулуу – Ай Жердин көлөкөсүнүн четине гана кирип, аз гана күңүрттөнөт.
Ай тутулуу коркунучтуубу?
Жок. Бул кадимки эле астрономиялык көрүнүш, адамдын ден соолугуна эч кандай зыян тийгизбейт. Тескерисинче, көпчүлүк үчүн кызыктуу жана сейрек учур.