АИИБ Өзбекстандын туруктуу өнүгүүсүнө 500 млн доллар бөлөт

Борбор Азия Загрузка... 02 Декабрь 2025 16:26
o_02_.jpg
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 02.12.25. /Кабар/. Өзбекстан өкмөтү жана Азиялык инфраструктуралык инвестициялар банкы (АИИБ) өлкөнүн жашыл жана туруктуу өнүгүүгө өтүүсүн колдоого багытталган 500 млн долларлык программага расмий кол коюшту. Бул тууралуу банктын басма сөз кызматы маалымдады.

Программа мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, көмүртекти аз чыгаруучу экономикага өтүү жана климаттык коркунучтарга туруштук берүүнү күчөтүү сыяктуу реформаларды камтыйт.

Анын ичинде энергетика жана мамлекеттик ишканаларда айкындуулукту жогорулатуу, климаттык критерийлерди эске алган мамлекеттик сатып алууларды киргизүү, көмүртек кредиттерин чыгаруу жана жүгүртүүгө коюу боюнча так эрежелерди иштеп чыгуу пландалууда.

Программа Дүйнөлүк банк менен биргеликте ишке ашырылат жана Өзбекстандын жашыл экономикага өтүү стратегиясына толук шайкеш келет.