Бишкек, 09.10.25. /Кабар/. Бишкекте 17-19-октябрь күндөрү Турдакун Усубалиев атындагы аянтта республикалык “АгроТехЭкспо-2025” агроөнөр жай көргөзмөсү жана айыл чарба кызматкерлеринин күнүнө карата уюштурулган “Алтын күз” азык-түлүк жарманкеси өтөт.
Өлкөнүн башкы агроаянтчасында фермерлер менен айыл чарба ишкерлерин жүздөгөн заманбап техникалар, инновациялык агротехнологиялар, асыл тукум мал ошондой эле жабдууларды жеңилдетилген лизинг шарттары менен алуу мүмкүнчүлүгү күтөт. Кыргызстанда биринчи жолу компьютер аркылуу башкарылуучу “акылдуу” үрөн сепкичтер жана акыркы үлгүдөгү тамчылатып сугаруу тутумдары көрсөтүлөт.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигин, Айыл чарбасын механизациялоо жана энергия менен камсыздоо департаментинин директору Нурланбек Кожогуловдун айтымында, “АгроТехЭкспо” - бул агрардык тармактагы алдыңкы техникаларды жана технологияларды көрсөтүүчү негизги аянтча, ошондой эле фермерлер үчүн үрөн, жер семирткичтер жана дары-дармектерди жеткирүүчү болуп саналат.

Көргөзмөгө республиканын бардык облустарынан фермерлердин, айыл чарба багытындагы ишкерлердин келиши күтүлүүдө. Мында жаңы модификациялар, айыл чарба техникалары, инновациялык технологиялар, тамчылатып жана жамгыр менен сугарууну киргизүү боюнча жаңы жабдуулар, ошондой эле асыл тукум мал жандыктарын көрсөтүү боюнча кеңири экспозиция болот. Андан тышкары, көргөзмөнүн жанында “Алтын күз” жарманкеси иштеп, айыл чарба продукцияларынын бардык түрлөрү арзан, жеткиликтүү баада сатылат.

Көргөзмөдө картошканы, техникалык өсүмдүктөрдү сээп-жыйноочу каражаттардын жаңы түрлөрү, сокодон тартып дан жыйноочу техникаларга чейинки 250дөн кем эмес айыл чарба техникалары көрсөтүлөт. Компьютер аркылуу башкарылуучу “акылдуу” сепкичтер дыйкан-фермерлердин көңүл өзгөчө бурмакчы.
Экспозицияга Европа, Россия, Беларусь, Түркия, Япония, Кытай жана башка өлкөлөрдөн айыл чарба техникаларынын дүйнөлүк бренддери катышат.
Мындан тышкары, көргөзмөдө каржылык аянтча ачылып, айыл чарба техникаларын лизинг аркылуу сатып алуу боюнча фермерлер кеңештерди ала алышат. Каржылык аянтчага “Айыл банк”, “Элдик банк”, Мамлекеттик лизинг компаниясы, КРӨФ, Кыргыз-Азербайжан жана Кыргыз-Өзбек фонддору, Кепилдик фонд жана башка каржылык уюмдар катышат.

Бул көргөзмөдө лизингге техниканы фермер катары каттоодон өткөн фермерлер же дыйкан чарбалары, айыл чарба кооперативдери, МТС субъекттери ала алышат.

Фермерлер техниканы жеңилдетилген шарттар менен 10% баштапкы төгүм жана жылдык 6% чени менен 7 жылга чейинки мөөнөткө бөлүп төлөө жолу менен сатып алышат.

Кожогулов белгилегендей, 2025-жылы техниканы лизингге берүүнүн көлөмү тогуз айда эле 5,7 млрд сомду түздү, ал эми жылдын жыйынтыгы менен 7 млрд сомго чейин өсүшү күтүлүүдө.
Акыркы жылдары Кыргызстанга алып келинген айыл чарба техникасынын саны жылына 2 миңден 10 миңге чейин өстү.

"Агро көргөзмөнүн башкы максаты - биздин фермерлердин техникалык потенциалын өнүктүрүү, түшүмдүүлүктү жогорулатуу жана продукциянын өздүк наркын төмөндөтүү. Мунун бардыгы өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт", - деп баса белгиледи Нурланбек Кожогулов.