Агроөнөржай: 2025-жылы 63 ишкана ачылып, 2700дөн ашуун жумуш орду түзүлдү

Экономика Загрузка... 06 Январь 2026 12:45
WhatsApp Image 2026-01-06 at 05.57.04.jpeg
copyright icon Айыл чарба министрлиги

Бишкек, 06.01.26 /Кабар/. 2025-жылы агроөнөржай тармагынын айыл чарба продукциясын кайра иштетүү жана соода-логистикалык инфраструктура багытында 63 объект пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарбасы жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги билдирет.

Маалыматта белгиленгендей, алардын катарында соода-логистикалык борборлор, дан өсүмдүктөрүн, мөмө-жемиш жана жашылча продукцияларын кайра иштетүүчү ишканалар, сүт азыктарын, эт, балык, жүн, өсүмдүк майын өндүрүүчү, ошондой эле органикалык өндүрүш объекттери бар.

Аталган долбоорлорду ишке ашыруунун натыйжасында 2 707 жаңы жумуш орундары түзүлдү.

Мындан тышкары, 2025-жылдын январь–ноябрь айларынын жыйынтыгы боюнча, республиканын жалпы өнөр жай көлөмүндө тамак-аш өндүрүшү ишканаларынын үлүшү 17,4% түздү.

Алдын ала эсептөөлөргө ылайык, 2025-жылдын 11 айында агроөнөржай комплексинин ишканалары тарабынан тамак-аш азыктары 94,2 млрд сом өлчөмүндө өндүрүлдү (учурдагы бааларда). Физикалык көлөм индекси 127,8 %ды түзүп отурат.

2030-жылга чейин 385 айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү ишканаларды ишке берүү пландалууда. Бул кайра иштетүүнүн деңгээлин 25%га жеткирүүгө мүмкүндүк берет. Бул багытка салынуучу жалпы инвестиция көлөмү 20,96 млрд сомду түзөт.

2026-жылы 75 айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү ишкананы ишке берүү пландалууда. Ошондой эле план боюнча инвестиция көлөмү 9,1 млрд сомду түзөт.