Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү: 2025-жылдагы негизги жетишкендиктер

Коом Загрузка... 08 Январь 2026 12:21
yps5zbgptuju6wr84h9.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 08.01.26. /Кабар/. 2025-жылдын 11 айында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги айыл чарба тармагын өнүктүрүү, илимий негизде колдоо жана санариптик технологияларды киргизүү багытында бир катар маанилүү иш-чараларды ишке ашырды.

Ведомстводон маалымдашкандай, илимий-изилдөө багытында дыйканчылык, мал чарбачылыгы жана жайыт илими боюнча 35 темада илимий-өндүрүштүк иштер жүргүзүлдү. Алардын катарында «Кыргызстанда айыл чарба малдарынын генетикалык потенциалын жакшыртуунун жана сактоонун илимий негиздерин өнүктүрүү» темасы өзгөчө мааниге ээ.

Айыл чарба тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү максатында «Агродиалог–2025» форуму өткөрүлдү. Иш-чарага 2 521 айылдык товар өндүрүүчү, экспортер, кайра иштетүүчү жана финансы секторунун өкүлдөрү катышып, тармактагы актуалдуу маселелер боюнча кеңири талкуулар жүргүзүлдү.

Санариптик технологияларды айыл чарбасына активдүү киргизүү багытында «Санарип-дыйкан–2025» форуму уюштурулуп, ага 580 мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, фермерлер, ишкерлер, кайра иштетүүчүлөр жана эл аралык өнөктөштөр катышты.

Фермерлерди жаңы технологияларга үйрөтүү жана практикалык колдоо көрсөтүү максатында «Агрозоовет» окутуу каравандары өткөрүлүп, 760 айылдык товар өндүрүүчү заманбап ыкмалар боюнча билим алышты.

Ошондой эле республика боюнча 26 Фермерлерди тейлөө борборлору (ЦОФ) түзүлүп, 2025-жылдын 11 айында 2 358 фермерге консультациялык жардам көрсөтүлдү.

Мындан тышкары, министрлик тарабынан «Фермерлердин жеке кабинети» жана «3+2+1» пилоттук долбоорлору ишке ашырылып, республика боюнча 240 дыйкан-фермер тандалып алынды. Бул долбоорлордун алкагында өндүрүштүн толук цикли — «талаадан-текчеге чейин» коштолуп, практикалык жардам көрсөтүлүүдө.