Агроөнөр жай комплекси үчүн кадрларды даярдоо маселеси талкууланды

Коом Загрузка... 25 Август 2025 17:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 25.08.25. /Кабар/. К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде агроөнөр жай комплекси үчүн кадрларды даярдоо жаатындагы кызматташтыктын актуалдуу маселелери боюнча тегерек стол өттү.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, талкуунун негизги темалары болуп студенттерди максаттуу окутууну өнүктүрүү, жумуш ордунда окутууну (дуалдык билим берүү, практика, тажрыйба топтоо, насаатчылык) киргизүү, ошондой эле университет менен агроөнөр жай секторунун иш берүүчүлөрүнүн ортосундагы натыйжалуу өз ара аракеттенүүнү түзүү маселелери болду.

Тегерек столдун жыйынтыгында университет менен Кыргызстандын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясынын ортосунда кызматташтык жана өз ара аракеттенүү жөнүндө Макулдашууга кол коюу аземи болуп өттү.

Бул документ тараптардын максаттуу окутуу, ишканаларда практика жана стажировкаларды уюштуруу, насаатчылык системасын киргизүү, илимий изилдөөлөрдү жана иш-чараларды өткөрүү, ошондой эле бүтүрүүчүлөрдү жумушка орноштурууга көмөктөшүү багытындагы биргелешкен аракеттерин бекемдейт.

Макулдашуунун максаты – эмгек рыногунун заманбап талаптарына жооп берген агрардык багыттагы адистерди даярдоонун сапатын жогорулатуу жана Кыргызстандагы агроөнөр жай комплексинде билим берүү менен бизнес тармактарынын байланышын бекемдөө.