"Агродиалог-2026": Кара-кулжалык дыйкан буудайдан рекорддук түшүм алды

Аймак Загрузка... 19 Февраль 2026 09:42
copyright icon Айыл чарба министрлиги

Бишкек, 19.02.26 /Кабар/. Бишкекте 18-21-февраль аралыгында "Агродиалог – 2026" айыл чарба форуму өтүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Иш-чарага өлкөнүн бардык аймактарынан дыйкан-фермерлер катышып, өз тармактарында эң жакшы жыйынтык көрсөткөндөр аныкталды. Мисалы, Кара-Кулжа районунан келген дыйкан буудай өстүрүүдө жогорку натыйжага жетип, быйылкы чемпиондордун катарын толуктады. Ал бир гектардан 7-8 тонна түшүм алып, натыйжалуу агротехнологиясын жана жерди туура пайдалануу ыкмасын далилдеди.

Бул дыйкан буудайдын жогорку сортун Россиядан алып келип, атайын түндүк аймакка ылайыктап өстүргөн. Заманбап агротехнологияларын, анын ичинде тамчылатып сугаруу ыкмасын колдонуу менен сапаттуу жана мол түшүм алган.

Дыйкан "Агродиалог-2026" форуму фермерлер үчүн абдан пайдалуу экенин белгилеп, мындай иш-чаралар аркылуу билим алуу, тажрыйба алмашуу жана жаңы ыкмаларды үйрөнүү мүмкүнчүлүктөрү кеңейип жатканын айтты.