Бишкек, 08.10.26. /Кабар/. Бишкектеги “Ала-Тоо” кинотеатрында Агартуу министрлигинин кызматкерлери үчүн “Жусуп” тарыхый-драмалык тасмасынын атайын көрсөтүүсү өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, тасма кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө жана өнүгүшүнө зор салым кошкон мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахмановдун өмүрүнө жана ишмердигине арналган.
Фильмде кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптануу тарыхы, ошол мезгилдеги маанилүү окуялар жана Жусуп Абдрахмановдун өлкөнүн келечеги үчүн жасаган иштери көркөм баяндалат.
Көрсөтүүдөн кийин тасманын чыгармачыл тобу менен жолугушуу уюштурулуп, фильмдин жаралуу тарыхы жана тартуу процесси тууралуу сөз болду.