Агартуу министрлигинин кызматкерлерине шайлоого аралашпоо эскертилди

Шайлоо 14 Ноябрь 2025 18:33
583235804_1279906750849733_5984667567838979444_n.jpg
581045344_1279906780849730_479351294027372619_n.jpg
583325457_1279906800849728_7133097116304528965_n.jpg
583864714_1279906807516394_5606464615163487223_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Агартуу министрлиги

Бишкек, 14.11.25. /Кабар/. Бүгүн Агартуу министрлигинде шайлоо алдындагы үгүт иштерине аралашпоо маселелери боюнча жыйын өткөрүлдү.

Ведомстводон маалымдашкандай, жыйын министрдин биринчи орун басары Мухтарбек Баймурзаев жана министрдин орун басары Альберт Махметкуловдун жетекчилиги алдында өттү.

Жыйында министрликтин жана билим берүү уюмдарынын кызматкерлерине шайлоонун үгүт иштерине кандай гана формада болбосун катышууга тыюу салынары айтылды.

Түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилерине бул талапты бардык билим берүү уюмдарына, ошондой эле облустук, райондук жана шаардык билим берүү башкармалыктары менен бөлүмдөрүнө жеткирүү тапшырылды.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда Жогорку Кеңешке депутаттарды мөөнөтүнөн мурда шайлоо 30-ноябрда өтөт.