Агартуу министрлигинин кызматкерлерине планшеттер тапшырылды

Коом 2 сентябрь 2025 16:54
540781706_1214412650732477_3651451178730289911_n.jpg
540238315_1214413544065721_4203095791136751581_n.jpg
540713080_1214413577399051_633650522488955423_n.jpg
540760224_1214413430732399_3075047307406931876_n.jpg
540973540_1214413560732386_5312894079318769156_n.jpg
541474812_1214413604065715_3324064510744786504_n.jpg
541672711_1214413510732391_4355072583391792678_n.jpg
542018350_1214413854065690_8939712540333739932_n.jpg
542673570_1214414030732339_3248956997601850619_n.jpg
543357039_1214413930732349_147798149772168182_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Агартуу министрлиги

Бишкек, 02.09.25 /Кабар/. Бүгүн Агартуу министрлигинин борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүктөрүнүн жетекчилерине Samsung фирмасынын акыркы үлгүдөгү планшеттер берилди.

Ведомстводон маалымдашкандай, планшеттерди министр Догдуркүл Кендирбаева тапшырды.

Министрдин айтымында, бул кадам билим берүү системасын башкарууну санариптештирүү жана жетекчилердин ишинин натыйжалуулугун арттыруу максатында жасалды.

"Биздин негизги максатыбыз – кайда болбосун министрликтин жетекчилеринин ишин ыңгайлуу жана майнаптуу жүргүзүүгө шарт түзүү. Биздин кызматкерлерибиз чоң маалымат базасы менен иштешет, планшеттер алардын жумушун жеңилдетип, жаңы ийгиликтерди жаратууга өбөлгө түзөт", – деди министр.

Кошумчалай кетсек, Агартуу министрлигинин аймактык бөлүмдөрүнө эмеректерди жана компьютердик техниканы жаңыртуу үчүн 60 млн сом бөлүнүп, сатып алуулар 2025-жылдын аягына чейин ишке ашырылат.