Агартуу министрлигинде мыйзамсыз акча чогултууга каршы чаралар талкууланды

Коом Жүктөлүүдө... 13 Июль 2026 14:10
1.jpg
745411792_896551756222788_4397599620809982325_n.jpg
744598105_1312597684370980_3125651106418685899_n.jpg
Алдыга
Артка
1.jpg
745411792_896551756222788_4397599620809982325_n.jpg
744598105_1312597684370980_3125651106418685899_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Агартуу министрлиги

Бишкек, 13.07.26. /Кабар/. Агартуу министрлигинде коррупциялык тобокелдиктердин алдын алуу жана ички көзөмөл механизмдерин өркүндөтүү маселелери каралды.

Ведомствонун маалыматына ылайык, аппараттык кеңешменин алкагында Башкы прокуратуранын коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Орозбек Бердибаев баяндама жасады.

Жыйында мамлекеттик антикоррупциялык саясатты ишке ашыруу, президенттин жарлыгынын жана "Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө" мыйзамдын талаптарын аткаруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

"Кеңешменин жүрүшүндө билим берүү уюмдарында мыйзамсыз акча чогултууларды алдын алуу жана бөгөт коюу, мектептердин, бала бакчалардын мүлкүн жана жер тилкелерин пайдаланууда мыйзам талаптарын так сактоо жана билим берүү тутумунда толук ачык-айкындуулукту камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурулду", - деп айтылат маалыматта.

Министрликтен белгилешкендей, системадагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу жана антикоррупциялык саясат программасынын талаптарын аткаруу багытында мындан ары да туруктуу иштер жүргүзүлөт.