Агартуу министри Жалал-Абаддагы мектеп жана бала бакчаларды кыдырууда

Аймак 12 июнь 2025 15:33
493216673_1146793760827700_5392797049585493888_n.jpg
506531175_1146793764161033_136283331471941902_n.jpg
491955799_1146794274160982_2796536809458163943_n.jpg
497951119_1146794184160991_1680225928859158772_n.jpg
499715728_1146793744161035_9093623153108802309_n.jpg
499830653_1146793980827678_1832208088533014985_n.jpg
499950683_1146793757494367_6603637719043541576_n.jpg
504207298_1146793754161034_6017162445112543419_n.jpg
504885322_1146793997494343_4551851223788497567_n.jpg
505376773_1146793964161013_4510586530502921501_n.jpg
505719623_1146793994161010_7566363506956124158_n.jpg
505743053_1146793770827699_4869638311690066645_n.jpg
505972290_1146794154160994_1856574272716487471_n.jpg
506032301_1146794000827676_5758192411477444454_n.jpg
506448410_1146794177494325_1395723637891486019_n.jpg
506535336_1146793697494373_5045222852484947236_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Агартуу министри

Бишкек, 12.06.25. /Кабар/. Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кочкор-Ата шаарындагы Н. Исанов атындагы жатак-мектепке барды. Бул ведомстводон маалымдашты.

Министр жатак-мектептин окуу корпустарынын жана жатаканаларынын абалын жеринен көрүп, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып жаткан оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Жатак-мектепти толук капиталдык оңдоп түзөөдөн өткөрүүгө көмөк көрсөтүүсүн мектеп жетекчилиги министрден өтүндү. Өз кезегинде министр берилген сунуштар эске алынарын, көтөрүлгөн бардык маселелер көз жаздымда калбай турганын билдирди.

Белгилей кетсек, 2 окуу корпусунан жана 2 жатаканадан турган 700 орундуу бул жатак-мектеп 1962-жылы курулуп, типтүү мектеп катары ишке берилген. Бүгүнкү күндө бул мектепте 874 окуучу билим алууда, анын 192си мектептин жатаканасында жатып окуйт.

Жатак-мектептин карамагындагы 4 гектар жерде балдардын тамактануусуна көмөк катары атайын күнөскана уюштурулган. Анда жашылча, бадыраң, помидор өстүрүлөт, сүт жана эт багытында 10 уй багылат.

Жалал-Абадга болгон иш сапарынын алкагында министр Кочкор-Ата шаарындагы № 60 “Керемет балдар” бала бакчасына да баш бакты.

Белгилей кетсек, бул бала бакча жеке ишкер Исхак Пирматовдун демөөрчүлүгү менен курулуп, 2025-жылдын 1-июнунда пайдаланууга берилген. Бала бакча 200 орунга ылайыкталып, бардык шарттары каралган, балдар электрондук кезек системасы аркылуу кабыл алынып, штаттык режимде иштеп жатат.