Агартуу министри өнөктөштөр менен Smart-Ed долбоорун талкуулады

Коом 10 июль 2025 12:54
518325350_1169452158561860_6055922933619996276_n.jpg
518310738_1169451958561880_4870155733939493808_n.jpg
517744311_1169452095228533_5613196146320560018_n.jpg
518270156_1169452065228536_591871710726294658_n.jpg
518284782_1169451908561885_611362009614197852_n.jpg
518285241_1169452135228529_8885185099556560494_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Агартуу министрлиги

Бишкек, 10.07.25. /Кабар/. Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Ислам өнүктүрүу банкынын өкүлдөрү менен Smart-Ed долбоорун талкуулады. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.

Жолугушууга банктын Алматы шаарындагы аймактык кеңсесинин жетекчиси Али Мухаммад Хан жана башкалар катышты.

Жолугушууда Ислам өнүктүрүү банкы, Ислам өнүктүрүү тилектештик фонду жана Билим берүү боюнча глобалдык өнөктөштүктүн биргелешкен Smart-Ed долбоору талкууланды.

Министр Догдуркүл Кендирбаева инклюзивдик билим берүү “Алтын Казык” билим берүүнү трансформациялоо программасынын маанилүү бөлүгү болуп саналарын, бул багытта көздөгөн максаттарга жетүү министрликтин негизги приоритеттеринин бири экенин баса белгиледи.

Белгилей кетсек, Smart-Ed долбоору боюнча макулдашууларга 2025-жылдын 22-апрелинде Вашингтон шаарында кол коюлган. Долбоордун максаты Кыргызстандагы бардык балдар үчүн инклюзивдик жана сапаттуу билим алууга бирдей мүмкүнчүлүк түзүү болуп саналат.