Африкадан Жакынкы Чыгышка чейин. Кыргызстандын дипломатиялык картасы кеңейүүдө

Саясат Загрузка... 15 Январь 2026 16:53
WhatsApp_Image_2026_0boHYFX.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 15.01.26. /Кабар/. 2025-жылы Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн географиясы кыйла кеңейди. Бул тууралуу тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, Эфиопияда Кыргызстандын алгачкы элчилиги ачылды, бул өлкөнүн Африка континентиндеги позициясын чыңдоодогу маанилүү кадам болду.

"Ошондой эле Кыргызстандын Египетте элчилигин түзүү чечими кабыл алынды. Бул өлкө үчүн Жакынкы Чыгышта жана Түндүк Африкада жаңы стратегиялык келечекти ачат.

2025-жылы Кыргызстан дагы 13 мамлекет менен дипломатиялык мамилелерди орнотту. Ошентип, жылдын аягына карата Кыргызстан дүйнөнүн 185 өлкөсү менен дипломатиялык байланышта турат", — деп белгиледи тышкы саясий мекеменин башчысы.