Афганистандын Кабул шаарында Кыргызстандын Соода үйү ачылды — Кабар

Афганистандын Кабул шаарында Кыргызстандын Соода үйү ачылды

Экономика 17 декабрь 2025 11:15
IMG_20251217_095750_214.png
IMG_20251217_095752_993.png
IMG_20251217_095746_573.png
Алдыга
Артка
IMG_20251217_095750_214.png
IMG_20251217_095752_993.png
IMG_20251217_095746_573.png
Алдыга
Артка
copyright icon Экономика жана коммерция министрлиги

Бишкек, 17.12.25. /Кабар/. Күн мурун Афганистандын борбору Кабул шаарында Кыргызстандын Соода үйү ачылды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

Иш-чарага экономика министри Бакыт Сыдыков жана Афганистандын өнөр жай жана соода министри Нуруддин Азизи катышты.

Соода үйүнүн ачылышы ата мекендик продукцияны эл аралык рынокко илгерилетүүгө, эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосунда түз ишкердик байланыштарды түзүүгө жана өз ара товар жүгүртүүнү кеңейтүүгө өбөлгө түзөт.

Тараптар бул кадам Кыргызстан менен Афганистандын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты чыңдоодо жана өнөктөштүк байланыштарды кеңейтүүдө маанилүү экенин белгилешти.