Бишкек, 24.12.25. /Кабар/. Аэропорттордо импорттолгон зер буюмдарды пробадан өткөрүүчү лабораториялар ачылат. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов билдирди.
Ал белгилегендей, зергерлер импорттолгон зер буюмдарды атайын имаратка алып барып, кезекке туруп, пробадан өткөрүүгө мажбур болуп келишет.
"Өнүккөн мамлекеттердин тажрыйбасына ылайык, бул процессти жөнөкөйлөтүү максатында импорттолгон зер буюмдарды дароо эле аэропорттон пробадан өткөрүү каралууда. Ага ылайык, Тамчы, Ош жана Бишкек аэропортторунда пробадан өткөрүүчү атайын лабораториялар менен жабдуу тапшырмасы берилди. Учурда бул багытта тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатат", — деди ал.
Ал долбоор ишке ашырылгандан кийин аталган аэропорттордо эн тамгасын (клейма) коюу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон заманбап лабораториялар иштей баштайт. Бул зергерлер үчүн убакытты үнөмдөп, ашыкча түйшүктү жоёт. Ошондой эле зергерчилик тармагын өнүктүрүүгө, ишкердик чөйрөнү жеңилдетүүгө жана тармактын ачык-айкын иштөөсүнө өбөлгө түзөт.