Аэропортко барчу жол оңдолууда: Унаа кыймылына чектөөлөр киргизилди

Коом 24 июль 2026 10:20
536244388_3523023521174155_3249768213320461094_n.jpg
1784809087.jpeg
1784809092 (1).jpeg
Алдыга
Артка
536244388_3523023521174155_3249768213320461094_n.jpg
1784809087.jpeg
1784809092 (1).jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 24.07.26 /Кабар/. Бишкек шаарында Васильевский тракт көчөсүн реконструкциялоо (аэропортко барчу жол) иштери уланууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, бүгүн, 24-июлдан тартып Комсомол айылына бурулган жерден Фучик көчөсүнө чейинки тилкеде оңдоо иштеринин алтынчы этабы башталат.

Белгиленгендей, иштердин алкагында жолдун бир тарабы оңдолот.

"Унаа кыймылы каршы тилке аркылуу эки багытта тең уюштурулат. Көчөнү толугу менен жабуу каралган эмес",-деп айтылат маалыматта.