Адылбек Касымалиевдин Казакстанга болгон иш сапары аяктады

Министрлер кабинети Загрузка... 27 Март 2026 20:02
69c4fe29d1ee3.jpeg
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 27.03.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин үстүбүздөгү жылдын 26–27-март күндөрү Казакстанга болгон иш сапары аяктады. 

Адылбек Касымалиев иш сапарынын алкагында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышты.

Анда соода-экономикалык жана ар тараптуу кызматташтыктын кеңири чөйрөсүн камтыган тар жана кеңейтилген курамда өткөрүлгөн жыйындын күн тартибине ылайык ондон ашуун маселе каралып, бир катар документтерге кол коюлду. 

Отурумдарга Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттер Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия өкмөт башчылары, Армения вице-премьери, ошондой эле биримдикке байкоочу мамлекеттердин делегация башчылары жана Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы катышты. 

Сапардын жүрүшүндө министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев делегация башчылары менен биргеликте “Digital Qazaqstan – 2026” эл аралык санарип форумуна катышып, форумдун алкагындагы санарип долбоорлордун көргөзмөсү менен таанышып, пленардык сессиясында сөз сүйлөдү.

Форум санариптик майнинг, криптобиржа, киберкоопсуздук, билим берүү жана корпорациялык инновация сыяктуу азыркы учурдун актуалдуу темаларын камтыды.