Бишкек, 04.08.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өз дарегине айтылган сын-пикирлерди жүрөгүнө жакын кабыл аларын жана алар тууралуу көпкө чейин ойлоно турганын айтты. Бул тууралуу минкаб башчысы "Кабар подкастка" берген маегинде билдирди.
"Чынында эле мен өз дарегиме айтылган сындарды укканда кабатыр болом. Үйдөгүлөр да мага: "Балким, окубай эле, көрбөй эле койсоңузчу?" деп айтып калышат. Жашырбайм, кабатырланам. Бул мага таасир этет, көп ойлоном. Бирок эгер сын негиздүү болсо, мен аны кабыл алам", – деди Касымалиев.