Минкаб башчысы Ош мэриясынын жыйынында: Бизнести негизсиз текшерүүнү токтоткула

Министрлер кабинети Загрузка... 17 Февраль 2026 16:50
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 17.02.26. /Кабар/. Мамлекеттик органдар бизнеске негизсиз текшерүүнү токтотуу керек. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ош шаарынын мэриясынын коллегиясында билдирди.

Адылбек Касымалиев шаар жетекчисине, укук коргоо органдарына ишкерлерди негизсиз текшерип тынчын албоо керектигин айтты.

Эгерде, мыйзамсыз жана негизсиз текшерүүлөр болсо, катуу чара көрүлөрүн белгиледи.