Адылбек Касымалиев: Кыргызстанда 5 жылда 27 чакан ГЭС ишке кирди

Министрлер кабинети Загрузка... 02 Апрель 2026 16:15
69ce2c5357d43.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90 (1).webp
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 02.04.26. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы 5 жылдын ичинде жалпы кубаттуулугу 110 МВт болгон 27 чакан ГЭС ишке киргизилди. Бул тууралуу vинистрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Азербайжандын Баку шаарында өткөн Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын жана вице-президенттеринин экинчи жыйынында билдирди.

Минкаб жетекчиси белгилегендей, жалпы кубаттуулугу 6 050 МВт жана инвестициясы 4,7 млрд АКШ долларын түзгөн күн жана шамал станциялары боюнча келишимдер түзүлгөн.

"Кыргызстан ушул багытта инвестицияларга ачык жана конструктивдүү диалогго, ыңгайлуу шарттарды түзүүгө даяр", — деди Адылбек Касымалиев.