Бишкек, 18.08.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кыргыздын көрүнүктүү жазуучусу, мамлекеттик ишмери жана Кыргыз Республикасынын Баатыры Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгына арналган юбилейлик иш-чараларга даярдыктын алкагында Бишкек шаарындагы жазуучунун үй-музейине барды.
Адылбек Касымалиев менен бирге үй-музейге мамлекеттик катчы Арслан Койчиев жана бир катар мамлекеттик органдардын жетекчилери да барышты. Министрлер кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев үй-музейдин учурдагы абалы, музей материалдарын сактоо шарттары, ошондой эле Чынгыз Айтматовдун ишмердүүлүгү жөнүндө баяндаган экспозиция менен таанышты.
Адылбек Касымалиев үй-музейдин уникалдуулугун белгилеп, аны көрүнүктүү жазуучунун жашоосу жана чыгармачылыгы менен байланышкан өзгөчө маанилүү жай экенин баса белгиледи. Иш-сапардын жүрүшүндө музейдин мындан аркы ишмердүүлүгү, музей комплексинин инфраструктурасын өнүктүрүү келечеги боюнча маселелер талкууланды.
Белгилей кетсек, Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгына арналган юбилейлик иш-чаралардын планына ылайык, Бишкек шаарында "Айтматов ордосу" комплексин түзүү боюнча долбоордук иштерди жүргүзүү, сынак жарыялоо жана курулуш иштерин уюштуруу каралган.
Иш-сапардын жыйынтыгында тиешелүү мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмалар берилди.