Бишкек, 10.08.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Кыргызстандын жана Өзбекстандын жаш парламентарийлеринин II форумуна катышты.
Парламенттен билдиришкендей, "Жаштар – жалпы прогресске жана тынчтыкка карай жолдо!" деген ураан алдында өткөн иш-чарада эки өлкөнүн жаш парламентарийлеринин кызматташтыгын өнүктүрүү жана жаштардын коомдук-саясий процесстердеги ролун жогорулатуу маселелери талкууланды.
Марлен Маматалиев кыргыз-өзбек мамилелери акыркы жылдары жаңы деңгээлге чыкканын белгилеп, бул жетишкендиктерди жаш муунга өткөрүп берүү маанилүү экенин айтты.
Ал жаштар мамлекеттердин келечеги гана эмес, бүгүнкү өнүгүүнүн да активдүү катышуучулары экенин белгиледи.
Форумдун жыйынтыгында жаш парламентарийлердин ортосунда туруктуу диалогду улантуу жана тажрыйба алмашууну күчөтүү боюнча пикирлер айтылды.