Адистер балдардын организминдеги йод жетишсизди кооптуу экенин эскертти

Ден соолук Загрузка... 09 Сентябрь 2025 16:40
aBeFk4clqSHw8VRUBoUoSF3hxPZybgQ9g9kcCeyh.jpg_width=1200Xheight=autoXtype=1.jpg
copyright icon www

Бишкек, 09.09.25. /Кабар/. Уйкуунун көп келиши, чарчоо, эс тутумдун начарлашы жана тез-тез сасык тумоо йоддун жетишсиздигинин белгиси болушу мүмкүн.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду окуу жылынын башталышы менен балдардын жана өспүрүмдөрдүн ден соолугуна өзгөчө көңүл буруу керектигин билдирди.

Йод калкан безинин жана мээнин өнүгүшү үчүн зарыл. Анын жетишсиздиги эс тутумдун жана көңүл буруунун төмөндөшүнө, иммунитеттин төмөндөшүнө, тери кургап, тырмактардын морт болушуна жана чачтын түшүшүнө, ошондой эле жай өсүүсүнө алып келет.

"Эгер мындай белгилер байкалса, ата-энелер үй-бүлөлүк дарыгерге кайрылышы керек", - деп айтылат маалыматта.

Зарыл болсо, дарыгер текшерүүлөрдү же йод препараттарын алууну сунуштайт.

Йод препараттарын ММК фонду менен кызматташкан дарыканалардан 50% чейин арзандатуу менен сатып алса болот. Арзандатылган дарыларга электрондук рецепт үй-бүлөлүк дарыгер тарабынан берилет.

16 жашка чейинки балдар, анын ичинде мектеп жана медресе окуучулары - окуу аяктаганга чейин, бирок 18 жаштан ашпаган балдар камсыздандырылган. Консультация жана дарылоо, лабораториялык изилдөөлөр Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында акысыз.

Кошумча маалымат алуу үчүн Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 24 саат бою иштеген ишеним телефону 113 номуруна кайрылса болот. Чалуулар акысыз.