Аңчылык чарбалары “Мерген” маалыматтык системасына киргизилет

Коом 46 11 Август 2026 10:55
724624411_3875467059263131_5339647326494342209_n.jpg
771968545_3039507516440909_8740217027086739514_n.jpg
769222665_1062677479578285_3630602661508400756_n.jpg
772894271_1047873154658654_5769714827435636270_n.jpg
772958995_1695158928438982_9204153149473688553_n.jpg
772418642_1525649435424681_8273094545900591805_n.jpg
Алдыга
Артка
724624411_3875467059263131_5339647326494342209_n.jpg
771968545_3039507516440909_8740217027086739514_n.jpg
769222665_1062677479578285_3630602661508400756_n.jpg
772894271_1047873154658654_5769714827435636270_n.jpg
772958995_1695158928438982_9204153149473688553_n.jpg
772418642_1525649435424681_8273094545900591805_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги

Бишкек, 11.08.26. /Кабар/. Аңчылык чарбасын өнүктүрүү, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин коргоону күчөтүү маселелерине арналган кеңешме болуп өттү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кеңешмеде аңчылык чарбасын өнүктүрүү, аңчылык жаныбарларынын санын эсепке алуу системасын өркүндөтүү, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо, браконьерликке каршы күрөштү күчөтүү жана мамлекеттик көзөмөлдүн натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча актуалдуу маселелер каралды.

Өзгөчө көңүл жапайы жаныбарлар арасында оорулардын алдын алуу жана аларга мониторинг жүргүзүү, аңчылык чарбасын башкарууга заманбап санариптик инструменттерди киргизүүгө бурулду. Республикадагы бардык аңчылык чарбаларын SMART жана “Мерген” автоматташтырылган маалыматтык системасына этап-этабы менен киргизүү чечими кабыл алынды.

Жыйынтыгында аңчылык чарбаларынын ишмердигин өркүндөтүүгө, жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин коргоону күчөтүүгө, ведомстволор аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, башкаруунун заманбап ыкмаларын киргизүүгө, ошондой эле аңчылык жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган бир катар уюштуруучулук жана практикалык чараларды камтыган резолюция кабыл алынды.