Бишкек, 23.10.26. /Кабар/. Бүгүн Бишкекте "Жергиликтүү жамааттын жергиликтүү демилгелери" форуму өтүп жатат. Иш-чара Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин "Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" медиа долбоорунун экинчи этабынын алкагында уюштурулду.
Форумда Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттиктин директору Элчибек Жантаев сөз сүйлөп, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өлкөнү өнүктүрүүдөгү жана калкка түздөн-түз кызмат көрсөтүүдөгү ролун белгиледи.
Ал жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын түзүлгөндүгүнүн 35 жылдыгынын алдында өтүп жаткан форумдун катышуучуларын куттуктады. Ошондой эле өлкө жетекчилиги аймактарды өнүктүрүү боюнча олуттуу талаптарды коюп жатканын белгилеп, жергиликтүү деңгээлде сапаттуу кызмат көрсөтүү жана натыйжалуу иш алып баруу мамлекетке жана элге болгон ишенимди арттырарын айтты.