"Ачык кабинет": Өскөн-Ордодо эс алуу жайлары бар 750 орундуу мектеп курулууда

Коом Жүктөлүүдө... 09 Июль 2026 16:06
555298379_3566576026818904_6056349602510792836_n.jpg
WhatsApp_Image_aBqLZh2.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_jNSDagK.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_wsq59gm.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_piGNE3X.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка

Бишкек, 09.07.26 /Кабар/. Бишкектеги Өскөн-Ордо конушунда 750 окуучуга ылайыкталган жаңы мектептин курулушу уланууда. "Ачык кабинет" медиадолбоорунун алкагында курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев аталган объектке барып, иштин жүрүшү менен таанышты.

Учурда курулуш иштеринин 70 пайызы бүттү. Мектепти ушул жылы пайдаланууга берүү пландалууда. Объект республикалык бюджеттин эсебинен курулуп жатат.

Министрдин айтымында, долбоордо заманбап эс алуу аймактары жана ачык асман алдында сабактарды өткөрүүгө ылайыкталган атайын окуу класстары каралган. Мектеп окуучулар жана мугалимдер үчүн бардык зарыл шарттар менен камсыздалат.

Нурдан Орунтаев белгилегендей, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Бишкек шаарында 20 ири мектеп курулуп жатат. Алар республикалык бюджет жана президенттик фонд тарабынан каржыланууда.