“Ачык кабинет”: Куурчак театры 1-октябрга чейин оңдоп-түзөөдөн өтөт

Маданият Загрузка... 14 Июль 2026 15:05
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 14.07.26. /Кабар/. Муса Жангазиев атындагы Кыргыз мамлекеттик куурчак театры 1-октябрга чейин оңдоп-түзөөдөн өтөт. Бул тууралуу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев “Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы” медиадолбоорунун алкагында ЖМК өкүлдөрүнө билдирди.

Анын айтымында, быйыл республикалык бюджеттен аталган куурчак театрын капиталдык оңдоп-түзөөгө 64 миллион сом бөлүнгөн. Бул каражатка имараттын сырткы фасады жана ички бөлмөлөрү толугу менен жаңыланат.

Министр белгилегендей, өткөн жылы театрдын жылытуу системасы толугу менен оңдолгон.

“Буга чейин кыш мезгилинде кичинекей көрүүчүлөрүбүз спектаклдерди сырт кийимчен отуруп көрүүгө аргасыз болушчу. Азыр болсо жылытуу системасы жаңылангандан кийин балдар театрда жеңил кийим менен эле өздөрүн эркин сезип калышты”, — деди Мамбеталиев.

Ошондой эле ал эки жыл мурун көрүүчүлөр үчүн жаңы отургучтар орнотулганын, ал эми быйылкы реконструкциянын алкагында эне жана бала бөлмөсү уюштурулуп, санитардык түйүндөрдүн саны көбөйтүлөрүн маалымдады.

Министрдин айтымында, оңдоо иштери бир нече этап менен жүргүзүлөт. Тендердик процесстер башталып, курулуш иштерин үстүбүздөгү жылдын 1-октябрына чейин толугу менен аяктоо пландалууда.

Өз кезегинде куурчак театрдын директору Руслан Ставриди театрдын тарыхына да токтолду.

Анын айтымында, театр 1938-жылы негизделип, 1939-жылы өз ишин баштаган. Ошол эле жылы орус труппасы түзүлүп, 1945-жылы Кыргызстанга куурчак өнөрүнүн негиздөөчүлөрүнүн бири Швейнбергер келип, анын демилгеси менен кыргыз труппасы уюштурулган.

“1948-жылдан тартып театрыбыз расмий түрдө эки тилде иш алып барган Борбор Азиядагы жападан жалгыз куурчак театры болуп калды. Ошондон бери кыргыз жана орус труппалары бир театрдын курамында үзгүлтүксүз иштеп келет.
Согуштан кийинки жылдары фронттон кайтып келген көптөгөн чыгармачыл инсандар театрга келип эмгектенип, анын өнүгүшүнө чоң салым кошушкан”,-деди директор.

Ал ошондой эле театр көп жылдардан бери эл аралык фестивалдарга активдүү катышып, Латын Америкасынан тартып Камчаткага чейин гастролдор менен барганын белгиледи. Өткөн жылы Иранда өткөн эл аралык фестивалга да катышкан.

“Учурда Кыргызстанда расмий түрдө эки мамлекеттик куурчак театры иштейт. Алардын бири — Бишкектеги Муса Жангазиев атындагы мамлекеттик куурчак театры болсо, экинчиси — Ош шаарындагы куурчак театры. Эки театр тең өлкөнүн ар кайсы аймактарындагы көрүүчүлөргө өнөр тартуулап, чет мамлекеттердеги фестивалдарга да үзгүлтүксүз катышып келишет”,-деди Ставриди.