"Ачык кабинет": Инженердик изилдөөлөр департаментинде эмнелер өзгөрдү?

Коом Жүктөлүүдө... 09 Июль 2026 11:35
WhatsApp_Image_S2FgmpP.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_l8ugu93.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_6AEQR3D.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_67Iw7eO.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_HL9kwPk.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_EdTIEyN.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_IpL600J.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_kkEjZgr.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка

Бишкек, 09.07.26 /Кабар/. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев "Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" медиадолбоорунун алкагында министрликке караштуу Инженердик изилдөөлөр департаментинин автобазасындагы капиталдык оңдоо иштеринин жүрүшү жана жаңы атайын техникалар менен таанышты.

Министрдин айтымында, 1978-жылы курулган автобазанын имараты көп жылдар бою капиталдык оңдоодон өткөн эмес. Натыйжада анын техникалык жана өндүрүштүк базасы кыйла эскирип калган. Учурда объектте кеңири масштабдагы оңдоо жана жаңылоо иштери жүргүзүлүүдө.

Ошондой эле курулуш тармагындагы Кыргыз башкы инженердик изилдөө институту 1975-жылы түзүлгөн. Министрлер кабинетинин 2025-жылдын 15-июлундагы токтомуна ылайык, аталган мекеме Курулуш министрлигине караштуу Инженердик изилдөөлөр департаменти болуп кайра түзүлгөн.

Департаменттин кызматкерлери менен жолугушууда министр курулуш объекттеринин коопсуздугу түздөн-түз инженердик изилдөөлөрдүн сапатына байланыштуу экенин белгиледи. Ал кызматкерлерди өз милдеттерине жоопкерчилик менен мамиле кылууга, мыйзам талаптарын сактоого жана ишинде ачык-айкындуулук менен тазалык принциптерин карманууга чакырды.

"Мамлекет иштөө үчүн бардык зарыл шарттарды түзүп жатат. Ар бир кызматкерден өз милдетин так, ак ниет жана жоопкерчилик менен аткаруу гана талап кылынат. Анткени келечектеги курулуш объекттеринин ишенимдүүлүгү жана коопсуздугу инженердик изилдөөлөрдүн сапатына байланыштуу", — деди Нурдан Орунтаев.

Белгилей кетсек, департамент Курулуш министрлигинин түзүмүнө киргенден бери министр Нурдан Орунтаевдин тапшырмасы менен мекеменин материалдык-техникалык базасын чыңдоо жана кызматкерлер үчүн ыңгайлуу иш шарттарын түзүү боюнча иштер жүргүзүлүп келет.

Бул багыттагы иштердин алкагында 2025-жылы департаменттин башкы административдик имараты акыркы 50 жыл ичинде биринчи жолу толук капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, пайдаланууга берилген.