“Ачык кабинет”: ГЭС-3төгү капиталдык оңдоо иштери 28-июлда аяктайт

Коом Жүктөлүүдө... 08 Июль 2026 15:25
WhatsApp Image 2026-07-08 at 15.24.39.jpeg
WhatsApp Image 2026-07-08 at 15.25.26.jpeg
WhatsApp Image 2026-07-08 at 15.23.50.jpeg
WhatsApp Image 2026-07-08 at 15.24.00.jpeg
WhatsApp Image 2026-07-08 at 15.24.11.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-07-08 at 15.24.39.jpeg
WhatsApp Image 2026-07-08 at 15.25.26.jpeg
WhatsApp Image 2026-07-08 at 15.23.50.jpeg
WhatsApp Image 2026-07-08 at 15.24.00.jpeg
WhatsApp Image 2026-07-08 at 15.24.11.jpeg
Алдыга
Артка

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 08.07.26. /Кабар/. “Ачык кабинет” долбоорунун алкагында энергетика министри Алтынбек Рысбеков күз-кыш мезгилине даярдыктын негизинде ГЭС-3төгү №1 гидроагрегатта учурда жүрүп жаткан капиталдык оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Маалымдалгандай, “Чакан ГЭС” ААК гидроагрегаттарды капиталдык оңдоонун көп жылдык графигине ылайык, жүргүзүлүп жаткан иштер станциянын ишенимдүүлүгүн жогорулатууга, жабдуулардын иштөө мөөнөтүн узартууга жана жогорку жүктөм мезгилинде энергетикалык системанын туруктуу ишин камсыздоого багытталган.

“Учурда капиталдык оңдоо иштери планга ылайык активдүү жүрүп, бир катар маанилүү техникалык этаптар ийгиликтүү аяктады. Аткарылган иштер гидроагрегаттын негизги түйүндөрүнүн техникалык абалын калыбына келтирүүгө жана анын узак мөөнөттүү, коопсуз жана туруктуу иштешин камсыздоого багытталган”, — деди министр.

Капиталдык оңдоо иштери “Азия ГРЭС” ЖЧКсы тарабынан жүргүзүлүп жатат. Иштер бекитилген графикке ылайык, ушул жылдын 28-июлунда толук аяктайт. Адистер белгилегендей, бардык иштер пландалган мөөнөттө жана технологиялык талаптарга ылайык аткарылууда.

Маалымдалгандай, аталган №1 гидроагрегатта акыркы жолу капиталдык оңдоо иштери 2020-жылы жүргүзүлгөн. Ошол мезгилден бери жабдуу үзгүлтүксүз иштеп, өлкөнүн энергетикалык системасынын туруктуулугуна маанилүү салым кошуп келгени белгиленди.