Бишкек, 21.05.26 /Кабар/. Минкаб төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков “Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы” медиа долбоорунун алкагында Чыгыш айланма жолунун курулушунан кабар алды.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол чарба департаментинин директору Уланбек Султанов ага жолдун курулушунун жүрүшү тууралуу маалымат берди.
Жолдун жалпы узундугу 16,2 чакырымды түзөт. Төрт тилкеден туруп, унаа жүрүүчү бөлүгүнүн туурасы 14 метр, ал эми жолдун жээгинин туурасы 2,5 метр болуп каралган. Долбоордо 5 төлөм алуу бекети, унаа токтотуучу жайлар жана жол боюндагы тейлөө объектилери камтылган. Ошондой эле төлөмдөрдү жыйноо системасы орнотулуп, жарыктандыруу жүргүзүлөт. Жолдун үстүңкү катмары — 6 сантиметр, астыңкы катмарынын калыңдыгы — 9 сантиметр болот.
Долбоор төмөнкү магистралдык көчөлөрдү курууну жана реконструкциялоону камтыйт:
- Лев Толстой көчөсү — Ауэзов көчөсүнөн Чыгыш айланма жолуна чейин (5,7 км);
- Ахунбаев көчөсү — Ауэзов көчөсүнөн Чыгыш айланма жолуна чейин (3 км);
- Сухэ-Батор көчөсү — Ауэзов көчөсүнөн Чыгыш айланма жолуна чейин (2 км);
- Жукеев-Пудовкин көчөсү — А. Токомбаев көчөсүнөн Иманалиев көчөсүнө чейин (2,2 км);
- Иманалиев көчөсү — Жукеев-Пудовкин көчөсүнөн 7-Апрель көчөсүнө чейин (3 км).
Белгилей кетсек, бүгүн Эрлист Акунбеков “Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы” медиа долбоорунун алкагында иш күнүн ЖМК өкүлдөрүнүн коштоосунда өткөрдү. Атап айтканда, жыйындарды өткөрүп, Чүй облусундагы бир нече объектиге жумушчу сапары менен барды.