Бишкек, 01.12.25 /Кабар/. Кыргызстандагы шайлоо ачык-айкын жана жогорку деңгээлде уюштурулган, үлгү алууга болот. Бул тууралуу ТүркПАнын байкоочу миссиясынын делегациясынын жетекчиси, Казакстан Мажилисинин депутаты Абзал Куспан билдирди.
Анын айтымында, ТүркПАнын байкоочу миссиясы өлкөнүн үч шаарында иш алып барып, жүздөн ашуун шайлоо тилкесинде байкоо жүргүзгөн.
“Биз байкоо жүргүзгөн шайлоо тилкелеринде үлгү катары алууга боло турган жагдайлар көп болду. Кээ бирлери мени таң калтырды. Мен аларды видеого тартып алдым. Казакстанга алып барып, кесиптештериме көрсөтүп, биздин шайлоодо колдонобуз деген ниетим бар”,- деди Куспан.
Муну менен катар ал кыргызстандык шайлоочулардын мыйзамдуулукка жана тартипке болгон мамилесине жогору баа берди.
“Улуу жаштагы апалардан баштап, 18 жаштагы жарандарга чейин шайлоо тилкесиндеги кызматкерлердин айткан көрсөтмөлөрүн кунт коюп угуп, так аткарып жатышты. Эч кандай тартыш же түшүнбөстүк болгон жок. Шайлоонун уюштурулушу жогорку деңгээлде, эң башкысы - процесстин ачык-айкындыгы камсыз болгон. Жашыруун эч нерсе байкалган жок”, - деп баса белгиледи ал.
Мындан сырткары, ал эл аралык байкоочуларга түзүлгөн шарттар да жогору деңгээлде уюштурулганын кошумчалап, шайлоо эл аралык стандарттарга жана Кыргызстандын мыйзамдарына шайкеш келгенин билдирди.