Бишкек, 08.07.26. /Кабар/. Илим, билим берүү жана инновация министрлиги абитуриенттер жана алардын ата-энелери үчүн жогорку жана орто кесиптик билим берүү мекемелерине кабыл алуу боюнча бирдиктүү колл-борбор иштеп жатканын билдирди.
Маалыматка ылайык, 110 кыска номери аркылуу ЖОЖдорго жана орто кесиптик окуу жайларга тапшыруу боюнча бардык суроолорго акысыз жооп алууга болот.
Колл-борбордун адистери абитуриенттерге кабыл алуу жараяны, тандоо турлары, окууга кабыл алуу, билим берүү программасын тандоо жана башка тиешелүү маселелер боюнча кеңеш беришет.
110 кыска номерине чалуу акысыз жүргүзүлөт.
Бирдиктүү колл-борбор 31-августка чейин иштейт.