Абдулла Арипов Ысык-Көлдүн кооздугуна таасирленди

Коом Загрузка... 18 Август 2025 09:31
WhatsApp Image 2025-08-18 at 09.26.20.jpeg
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 18.08.25. /Кабар/. Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Ысык-Көлгө болгон сапарында анын табигый кооздугуна жана туристтик мүмкүнчүлүгүнө жогору баа берди, деп маалымдашат Өзбекстандын маалымат каражаттары.

Ал Евразия өкмөттөр аралык кеңештин жыйынына катышуунун алкагында көл жээгин кыдырып, аймактын тез өнүгүп, жаңы объекттердин курулуп жатканын баса белгиледи.

Арипов Ысык-Көлдүн сулуулугуна, тунук суусуна, таза абага жана жергиликтүү элдин жылуу меймандостугуна таасирленгенин билдирди.

"Ысык-Көл — табияттын чыныгы берекеси. Бул жер жакынкы жылдары дүйнөлүк деңгээлдеги туристтик борборго айланарына ишенем", — деди ал.