Абдулла Арипов ТМУнун жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга келди — Кабар

Абдулла Арипов ТМУнун жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга келди

Саясат 18 сентябрь 2025 14:22
68cbba55e6f2a.jpeg
68cbba5388c9e.jpeg
68cbba5375f08.jpeg
68cbba558e782.jpeg
68cbba54b490a.jpeg
Алдыга
Артка
68cbba55e6f2a.jpeg
68cbba5388c9e.jpeg
68cbba5375f08.jpeg
68cbba558e782.jpeg
68cbba54b490a.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 18.09.25. /Кабар/. Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын жана вице-президентинин жолугушуусуна катышуу үчүн Кыргызстанга келди. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.

Конокту "Манас" эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев тосуп алды.

Белгилей кетсек, Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын жана вице-президентинин жолугушуусу 18-сентябрда Бишкек шаарында өткөрүлөт.