Абдрахманов жана Москва көчөлөрүнүн кесилиши көрктөндүрүлөт – эскиздери

Коом 21 июль 2026 14:30
753893665_1543474343918276_7623008745937890890_n.jpg
750256225_1543474347251609_7811292369111734239_n.jpg
750585160_1543474403918270_3521201142944150686_n.jpg
750615459_1543474377251606_6538254830203592730_n.jpg
751549871_1543474397251604_5187275120584886277_n.jpg
752741088_1543474430584934_4241899517994244063_n.jpg
753033981_1543474420584935_4446452290694955385_n.jpg
753471376_1543474387251605_6187173742426976045_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Курулуш министрлиги

Бишкек, 21.07.26 /Кабар/. Бишкектеги Жусуп Абдрахманов жана Москва көчөлөрүнүн кесилиши көрктөндүрүлөт. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, көрктөндүрүү боюнча эскиздик долбоор Бишкек шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгынын адистери тарабынан иштелип чыкты.

Долбоордун негизги максаты борбор калаанын тургундары жана коноктору үчүн заманбап жана көп функционалдуу шаардык мейкиндик түзүү болуп саналат.

Долбоордун алкагында төмөнкү функционалдык жайларды түзүү каралган:

  • эс алуу жайы;
  • шахмат ойноочу аймак;
  • көчө китепканасы;
  • балдар үчүн оюн аянтчасы;
  • спорттук машыгуу аянтчасы;
  • фонтандарды жаңылоо;
  • унаа токтотуучу жай;
  • коомдук даараткана.

Ошондой эле долбоордо унаа токтотуучу жана жөө жүргүнчүлөр үчүн жайлар каралган. Бул аймакты жөө басууга жана эс алууга ыңгайлуу, коопсуз мейкиндикке айландырууга шарт түзөт.

Ал эми долбоорду ишке ашыруу жана аймакты көрктөндүрүү иштери Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан жүргүзүлөт.