Бишкек, 28.01.26. /Кабар/. Бүгүн, 28-январда саат 12:20да Бишкек – Ош унаа жолунун 247+500 чакырымына узундугу болжол менен 50 метр бийиктиги 2 метр болгон кар кɵчкү түштү.
Транспорт министрлигинен билдиришкендей, каттам убактылуу эки тараптуу жабык.
Учурда № 23 Жол тейлɵɵ ишканасы тарабынан ыкчам түрдɵ керектүү техникалар тартылып, тазалоо иштери жүргүзүлүүдɵ.
Кошумча маалымат берилет.