Абалды жеке көзөмөлүмө алдым: Бишкек мэри “Мадина” базарына барды — Кабар

Абалды жеке көзөмөлүмө алдым: Бишкек мэри “Мадина” базарына барды

Коом 30 август 2026 14:30
IMG_6622.jpeg
IMG_6623.jpeg
Алдыга
Артка
IMG_6622.jpeg
IMG_6623.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 30.08.26. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев өрт чыккан ”Мадина“ базарында соода кылган жарандар менен жолугушту.

Муниципалитеттен билдиришкендей, шаар башчысы соодагерлерди кырдаалды туура түшүнүүгө жана өрттү өчүрүүгө тартылган Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлеринин ишине тоскоолдук кылбоого чакырды.

Алдын ала маалыматтар боюнча, өрттүн чыгышына электр зымдарындагы кыска туташуу себеп болушу мүмкүн. Окуянын так себептерин аныктоо максатында видеобайкоо камераларындагы жазуулар калыс изилденет.

”Азыркы учурда эң негизги милдет — адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу жана өрттү толугу менен өчүрүү. Жабыркагандарды сөзсүз аныктап, эч кимди жардамсыз калтырбайбыз. Бардык кырдаал менин жеке көзөмөлүмдө”, — деп баса белгиледи мэр.

Өрттү өчүрүү иштерин тездетүү үчүн окуя болгон жерге Бишкек шаарынын суу ташуучу атайын техникалары жөнөтүлдү. Учурда бардык тиешелүү кызматтар кырсыкты жоюу иштерине активдүү көмөк көрсөтүүдө.