Абактагы атаңды чыгарып берем... Баткенде 1,5 млн сом алдап алган жаран кармалды

Укук тартиби Загрузка... 16 Декабрь 2025 16:45
598883330_25538115175810315_7534550699761995889_n.jpg
copyright icon Баткен облустук ички иштер башкармалыгы

Бишкек, 16.12.25. /Кабар/. Баткенде абактагы атасын чыгарууга убада берип, 1,5 млн сом алдап алган жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2-октябрда 28 жаштагы Баткен районунун тургуну Баткен шаарынын 46 жаштагы тургуну Э.С. анын ишенимине кирип, "абактагы атаңды бошотуп берем" деп 1,5 млн сом акчасын алдап алганын билдирген. Ал ушул күнгө чейин түрдүү шылтоолор айтып, качып жүргөн.

Бул факты "Алдамчылык" беренеси менен катталып, жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында шектүү Э.С. кармалып, 2 айга убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда тергөө иштери уланууда.