Бишкек, 21.05.25. /Кабар/. №14 мекемесинде энелер күнүнө карата “Сагындым апа өзүңдү, жылмайган тунук жүзүңдү” аттуу майрамдык иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, бул иш-чара жазык-аткаруу тутумунда алгачкы жолу уюштурулуп жаткандыгы менен өзгөчөлөнөт.
Салтанаттуу иш-чарага Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Нурлан Сарчаев, Тарбиялык жана социалдык иштер башкы башкармалыгынын башчысы Нурдин Бердикожоев, Панфилов районунун акими Бекмаат Масаидов жана Кара-Балта шаарынын башкы имамы Нурдан Өмүралиев катышып, майрамдык маанайга күбө болушту.
Өз сөзүндө Нурлан Сарчаев эненин үй-бүлөдө жана коомдо ээлеген өзгөчө ордун белгиледи. Ошондой эле келечек муундун туура калыптанышы жана коомдун өнүгүшү энелердин саламаттыгы жана руханий күчүнө байланыштуу экендигин баса белгиледи.
Майрамдык иш-чаранын жүрүшүндө мекемеде жазасын өтөп жаткан тарбиялануучулардын энелери атайын чакырылып, алар мекеменин ички тартиби жана шарттары менен таанышты. Концерттик программа менен коштолуп, обондуу ырлар, ыраазычылык сөздөр айтылып, эмоционалдуу маанай жаралды.
Бул иш-чара энелердин балдарына болгон ишенимин бекемдөө, ошондой эле жаза мөөнөтүн өтөп чыккандан кийин балдардын коомго ийгиликтүү кошууга көмөктөшүү максатын көздөйт.
Ошондой эле тарбиялануучуларга эненин ыйыктыгын, түйшүктүү эмгегин терең түшүндүрүү, руханий жана моралдык тарбия берүү аркылуу алардын оң жолго түшүүсүнө шарт түзүүгө багытталган.