Бишкек, 16.09.25. /Кабар/. Күн мурун Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров Вьетнамдын Кыргызстандагы элчиси (Астана шаарындагы резиденциясы менен) Фам Тхай Ньы Майды Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды.
ТИМден билдиришкендей, Медер Абакиров эки тараптуу кыргыз-вьетнам кызматташтыгын бекемдөө боюнча жемиштүү иши үчүн элчиге ыраазычылык билдирип, акыркы жылдары өлкөлөр ортосундагы саясий диалогдун жана өз ара аракеттешүүнүн жанданышына канааттангандыгын билдирди.
Фам Тхай Ньы Май өз кезегинде көрсөтүлгөн колдоо жана жемиштүү биргелешкен иш үчүн ыраазычылык билдирип, вьетнам тарабынын тараптар ортосундагы тыгыз кызматташтыкты улантууга даяр экендигин белгиледи.
Тараптар ошондой эле жогорку деңгээлдеги сапарлардын жана жолугушуулардын жыйынтыктары боюнча жетишилген макулдашууларды практикалык жүзөгө ашыруу боюнча андан аркы кадамдарды талкуулашты.